• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акматова: Ысык-Көлдө коронавирустун көбөйүшүнө аймакка кирип жаткан элдин агымы себеп болууда

3 Баш оона 202012:32 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн аймагында эпидемиологиялык абал өткөн аптада кескин курчуду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда коронавирустун көбөйүшүнө аймакка кирип жаткан элдин агымы себеп болууда.

«27-июлда коронавирус жуктургандардын саны 72 киши болсо, эки күн ичинде бул көрсөткүч 155ке жетти», — деди Акматова.

Ошондой эле Акматова Ысык-Көлгө барган конокторго социалдык аралыкты карманып, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Количество просмотров: 228