Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудинов жана анын шериктеринин бөгөт чарасы аныктады. 30-майдагы чечимге ылайык алар эки айга тергөө абагында болору белгиленди.
Ажимудинов менен кошо кармалгандар «Строй Сеть» компаниясынын директору жана башкы эсепчиси. Тергөө «Строй Сетти» ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетиш үчүн түзүлгөн «Акнетке» байланыштуу компания деп эсептейт.
«Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компания президенти жана аны менен чогуу айыпталган эки киши апта башында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган.