• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

АКШ дагы 300 фирманы санкциялык тизмеге киргизди

13 Кулжа 2024 9:17 Бишкек Govori.TV

АКШ Москвага салынган санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген дагы 33 адам менен 300гө жакын орусиялык жана чет элдик компанияларды, уюмдарды кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын арасында 2022-жылдын 13-майында Петропавловск шаарында катталган Казакстандын «КБР-Технология» компаниясы да бар.

2024-жылдын февралында орусиялык «Верстка» басылмасы бул компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу жазган. Иликтөөдө «КБР-Технология» OSTEK компаниялар тобуна санкцияланган товарларды жеткирүүгө катышканы айтылган.

«Бажы маалыматтарына караганда, 2023-жылдын мартынан августуна чейин беларусиялык «Тефида» казакстандык «КБР-Технология» компаниясынын атынан OSTEK тобуна жана ага тиешелүү компанияларга 5 миллион долларлык электрондук компоненттерди чыгаруу үчүн жабдууларды жеткирген», — деп жазган иликтөөнүн авторлору.

Санкцияга орусиялык фирмалардан тышкары Кытай, Түркия, Кыргызстан, Болгария, Сербия, Түштүк Африка, Бириккен Араб Эмираттары, Беларус жана Британиянын Виргин аралдарынын бир катар компаниялары да киргизилген.

Санкциядан тышкары АКШнын Каржы министрлиги Орусияга IT кызматтарын, өнүмдөрүн экспорттоого, реэкспорттоого, сатууга же жеткирүүгө тыюу салды.

Быйыл Америка бийлиги Орусияга жана буга чейин Вашингтондун санкцияларын айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөргө каршы мындай масштабдуу чектөөлөрдү эки жолу киргизген.

1-майда АКШнын Каржы министрлиги орусиялык 250дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга каршы санкция салган. Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген Кытай, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Бельгия, Словакия жана Азербайжандын компаниялары да чектөөлөргө дуушар болгон.

Теги:
Количество просмотров: 51