Бишкек.28.02.2018.Govori.TV
АКШ жараны менен мейманканага үч күн түнөп келген Чүй районундагы мектеп-интернаттын кыздары боюнча кылмыш иши козголбойт. Бул туурасында Govori.TV сайтына ЧИИББнын басма сөз борбору билдирди.
Анда » Бул кыздар боюнча Чүй райондук ИИМ бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, Чүй райондук мектеп-интернаттын директору жана мугалимдери суралган. Жыйынтыгында кылмыш жаза кодексинин кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2чи пункту менен кылмыш иш козгоодон баш тартылган» -деп жазылган.
Мындан сырткары Чүй райондук ИИМ тарабынан келтирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адамдардын үстүндө кароо үчүн жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, билим берүү министрлигине жанан Чүй райондук администрациясына тартиптик жазоо үчүн сунуштары жиберилген.
Эске сала кетсек, Чүй областынын Чүй районундагы мектеп-интернатында тарбияланып жаткан 8 жана 10 жаштагы эки кыз АКШ жараны менен үч күн мейманканага түнөдү деген маалымат интернат булактарына чыккан. Бул маалыматтан кийин атайын Билим берүү министри, ИИМ жана Чүй райондук мамлекеттик адиминстрациясынын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү ишин баштаган. Бул иш укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынганы да айтылган.
Мындай жыйынтык менен кароосуз интернат-мектебинде тарбияланган баладарга болгон кайдыгерлик десе болот. Бүгүн башка улуттун жарандары мектеп-интернаттагы кароосуз балдар менен каалашынча калчашса, эртеңки күнү эмне болору белгисиз… ИИМ мындай учурда кылмыш ишин козгой албаса, бийлик төбөлдөрү бул учурда кароосуз балдарга эмне жардам бере алат болду экен деген суроо туулат…