• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

АКШда эки талапкер тең жеңишке жетүү жолунда экенин билдирүүдө

4 ноября 2020 в 17:28 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти, республикачыл Дональд Трамп жана анын атаандашы Жо Байден президенттик кызмат үчүн күрөштү улантууда.

АКШда шайлоо тилкелери жабылды, бюллетендерди саноо бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Эки талапкер тең Ак үй үчүн жеңишке жетүү жолунда экенин билдирүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп 4-ноябрда Вашингтондо тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, шайлоону жеңгенин айтты. Ал Флорида, Огайо сыяктуу чечүүчү штаттарда атаандашын чоң айырма менен артта калтырганын, Пенсилванияда алдыга чыкканын белгиледи. Мындан тышкары бул шайлоодо өзүнүн тарапкерлеринин добуш берүү укугуна шек келтирүү аракети болгонун билдирип, бирок анын чоо-жайын так түшүндүргөн жок. Трамп шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу Жогорку сотко кайрыларын да ишарат кылды.

Шайлоочулар көптөгөн бюллетендерди почта аркылуу жөнөтүшкөн. Дональд Трамп бир нече жолу почта аркылуу добуш берүүчүлөрдүн санынын өсүшү көз боемочулукка жол ачарын билдирген.

Жо Байден шайлоо тилкелери жабылгандан кийин тарапташтарынын алдына чыгып, аларды сабырдуу болууга чакырып, ошол эле маалда жеңишке жетерине ишенип турганын айткан. Байден Аризона, Миннесотадагы жогорку көрөткүчтү белгилеп, Жоржия жана башка штаттарда да ийгилик жаратарынан үмүт арткан.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат. Азырынча Дональд Трамп коллегиянын 213, Байден 225 добушуна ээ болууда.

Количество просмотров: 93