• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АКШда Навальныйдын уулануусуна байланыштуу резолюция кабыл алынды

19 Жетинин айы 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Алексей Навальныйдын ууланышына байланыштуу резолюция кабыл алды.

Мыйзам чыгаруучулар анда Ак үйдү орус оппозициячысы менен болгон окуяга байланыштуу Орусияга санкция киргизүүгө чакырышты.

Конгресстин бул резолюциясы сунуш берүү мүнөзүнө ээ.

18-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Навальныйга каршы химиялык курал колдонулганы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Атайын кызматка мындай арыз менен оппозициячы түзгөн «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» кайрылган. ФСБ өз жообунда ыктымал ууландыруу фактыларын башка укук коргоо органдары текшерип жатканын билдирген.

https://t.me/lawfbk/207

Фонддун юристтери мекеменин бул билдирүүсүн «куру жооп» деп атап, ФСБнын тергөө башкармалыгынын аракетсиздиги үчүн сотко даттанышкан.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Немис өкмөтү Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Бул маалыматты Европадагы бир нече көз карандысыз лаборатория, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу уюму да ырастаган.

Алексей Навальныйдын өзү аны ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат деп эсептей турганын айткан.

Кремль окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет.

Количество просмотров: 43