• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

АКШга Кыргызстандан кимдер бара алат?

1 Бирдин айы 202013:07 Бишкек Govori.TV

Американын элчилиги иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантат.

АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ, 31-январда Америкадагы иммиграцияга тыюу салынган 6 өлкөнүн катарына Кыргызстанды киргизгени белгилүү болду. Трамп кол койгон документ Нигерия, Эритрея, Мьянма жана Кыргызстандын көпчүлүк жарандарына Америкага иштөө максатында барууга жана жашоого уруксат бербейт. Ал эми Танзания менен Судандын жарандары визалык лотерея алууга арыз бере алышпайт.

Бул маселе боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу расмий билдирүү таратты. Анын билдирүүсүнө ылайык, 31-январда Ак үй кыргыз иммигранттарынын Кошмо Штаттарына киришин убактылуу токтотуучу иммиграциялык жана «Грин-карт» визаларын берүүгө чектөө киргизген.

Трамп 2020-жылдын январь айында чектөө киргизилген ар бир өлкөнүн террордук, криминалдык же идентификациялык маалымат алмашууда кемчиликтери бар деп эсептейт.

Кыргызстандыктарга чектөө киргизүүдөгү себептер:

Кыргызстан идентификациялык башкаруу жана маалымат алмашуу критерийлерине жооп бербейт.

Кыргызстанда электрондук паспорттор берилбейт жана адамдардын коопсуздугу жана терроризмге байланыштуу маалыматтарды алмашуу жетиштүү деңгээлде эмес. Бул Кошмо штаттардагы коомдун коопсуздугу жана улуттук коопсуздукту коргоо үчүн абдан маанилүү.

Дүйнөдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу Америка Кошмо Штаттарына Кыргызстандан терроризм менен байланышкан адамдардын келишине коркунуч жогору.

Буга байланыштуу Кыргызстандын жарандары үчүн иммигрант катары Америка Кошмо Штаттарына кирүүсү токтотулат. Бул катарга Кошмо Штаттардын бийлигине көмөк көрсөтүүчү өзгөчө иммигранттар кошулбайт

Количество просмотров: 249