• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АКСтин башчылыгына ким барышы мүмкүн?

20 Бирдин айы 2018 10:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.02.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ УКМКнын алдындагы  Коррупцияга каршы Күрөшүү Кызматынын (АКС) башчысы Дүйшөнбек Чоткараевди кызматынан алган. Бул тажрыйбалуу чекисттин кызматтан алынышын айрымдар Президенттин Коопсуздук Кеңешиндеги көтөргөн маселелеринен улам органдын ичин тазалап, ишин жакшыртууга байланыштырышса, өздүк булактар анын саламаттыгынан улам кызматынан кетүүгө мажбур болгонун билдиришет. Азырынча, УКММнын башчысы Абдил Сегизбаевдин орун басары болуп, АКСтин башчылыгына эч ким дайындала элек.  Ушундан улам Govori.TV  бул жогорку рангдагы, өлкө башчысынын өнүгүү саясатын ишке ашыра турган кызмат ордуна кимдер барышы мүмкүндүгүнө кызыгып көргөндөр көп.
Азырынча, Акүйдөгү өздүк маалымат булактарыбыздын ырасташынча, АКСтин башчылыгына каралып жаткан талапкерлердин эң башында Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси кызматын аркалаган  Асылбек Кожобековдун ысымы аталууда. Ал Президенттин ишенимдүү кадры гана болбостон, коопсуздук органдарында тажрыйбасы бар, күчтүү кызматкер катары белгилүү. Башталапкердин өмүр баяны төмөндөгүчө:
Асылбек Кожобеков 1971-жылы 27-июнда Карабалта шаарында туулган. 1992-жылы Луганскдагы авиаокуу жайды аяктап,1992-94-жылдары Казакстандын Жогорку улуттук коопсуздук Комитетинде курстук окуудан өткөн. 2002-жылы Кыргыз-Орус Славян университетитин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1993–2005 — жылдары улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган;
2005–2007 — Кыргыз-Орус Славян Университетинин Стратегиялык байкоо жана анализдөө институтунда эксперт-аналитик;
2007–2010 — Улуттук коопсуздук органдарында кызматкер;
2010–2013 — Мамлекеттик бажы кызматында төраганын орун басары;
2014 –2017 — УКМКда кызматкер.
Количество просмотров: 35