Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Төрөбаев 2002-жылы Аксы окуясына катышкандарга баатыр наамын ыйгарууну сунуштоодо.
Анын айтымында, «7-апрель Элдик апрель революциясы» сыяктуу Аксы окуясына дагы баа берилиши керек.
«Аксы окуясына катышкандарга баатыр наамын ыйгарууну мен 2014-жылы эле сунуштагам. Ал эми 2018-жылдын 5-июлунда Аксы окуяларынын катышуучулары «Аксы окуясынын баатыры» деген макам берүү талабы менен Ак үйдүн алдына чыгышкан. Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Жыл сайын эскерилип иш-чаралар өткөрүлүп жатканы жакшы жышаан. Бирок «7-апрель Элдик апрель революциясы» сыяктуу Аксы окуясына дагы баа берилиши керек. Ушул маселеге көңүл бурсаңыздар»,-деди ал.
Эске салсак, 2002-жылы 17-мартта Аксы районунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок атып, 4 киши каза болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши жан берген.