Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы «Бедел» көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басарыСунь Хунмэй катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган пунктту жана Барскоон—Үчтурфан—
Аксуу багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти, деп
билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип курулуп жаткан
инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты.

2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына
болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы
Си Цзиньпин менен жаңы «Бедел» көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашуу
болгон. Бул көзөмөл-өткөрүү пункту жакын арада ачыла турганы пландалууда.
