• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өсүмдүк майын чыгаруучу жаңы завод ачылды

12 Бештин айы 202414:59 Бишкек Govori.TV

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өсүмдүк майын өндүрүүчү заманбап жогорку технологиялар менен жабдылган «Альфа» май заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу МинКаб билдирди. 

Бакыт Төрөбаев: “Айыл чарба продукцияларын чийки зат түрүндө гана эмес, кайра иштетүү аркылуу көбүрөөк өндүрө алсак, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө абдан чоң өбөлгө түзүлөт. Элибиздин кирешеси дагы жогорулайт. Учурда мамлекеттин айыл чарбаны өнүктүрүү саясатына ылайык, кайра иштетүү тармагына олуттуу көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп жатат”, – деди.   

Учурда завод айына 3000 тоннага чейин чийки затты кайра иштетип, жогорку сапаттагы продукцияны ички жана тышкы рынокторго туруктуу жеткирүүнү камсыздайт.

Количество просмотров: 147