КР Министрлер Кабинетинин төргасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев социалдык баракчасына жазды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба жана суу ресурстары тармагындагы жана Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан ичүүчү сууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ирригация маселелери боюнча долбоорлор талкууланды.
Элчи Оливье Бангертер Швейцария Кыргызстанда таза сууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо долбоорлоруна 20 миллион доллар грант бөлүүгө даяр экенин билдирди.