• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим изилдөө институту түзүлөт

3 Тогуздун айы 202418:35 Бишкек Govori.TV

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинети маалымат берди.

Бакыт Төрөбаев өлкөдө 9 негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары бекитилип, анын 7си ички өндүрүштүн эсебинен толук камсыздалганын баса белгиледи.
Тиешелүү мамлекеттик органдын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-июль айларына карата өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли мындай: нан азыктары – 86,5%, картошка – 162,8%, жашылча-жемиштер – 159,0%, эт – 79,1%, сүт – 116,3%, кант — 49,2, жумуртка – 71,4%, өсүмдүк майы — 48,5%.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим изилдөө институту түзүлгөнүн билдирди. Бул мекеме өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам бере турган билимдин жана инновациянын борборуна айланат.

«Бүгүн биз институттун курамын жана кызмат ордун бекитебиз. Ал биздин агроөнөр жай саясатыбыздын өнүгүшүнүн жаңы этабы болуп калаарына ишенем. Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз тамак-ашка жетүүсү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Бул биздин жалпы милдетибиз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Количество просмотров: 124