• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Аксыда дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды

27 Бугу 202415:16 Бишкек Govori.TV

Аксы районунда дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүүчү канал токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кош-Дөбө айылынын тургуну А.М.М. тарабынан уюштурулган дары-дармектердин контрабандалык партиясын ташуу каналына бөгөт койду. Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну узак убакыт бою Өзбекстан менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

«2024-жылдын 22-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңги заттары (15 аталыштагы), ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк унаа номурлары табылган. Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо: 0995 012210 (WhatsApp) номуру аркылуу байланышууга чакырат.

Количество просмотров: 87