• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Аксыда өспүрүм бычакталып каза болду

7 Бештин айы 202316:23 Бишкек Govori.TV

Аксы районунда өспүрүм бычакталып каза болгон. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

5-декабрь күнү Аксы райондук милициясына 2006-жылы туулган бала көкүрөгүнөн бычактан жаракат алып, каза тапканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул окуя Аксы РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну 2007-жылы туулган М.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 737