• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Аксыдагы окуучулардын мушташын милиция териштирип жатат (видео)

12 Жалган куран 202012:17 Бишкек Govori.TV

ИИМдин басма сөз кызматы Аксы районунун Авлетим айылында болгон окуучулардын мушташын милиция териштирип жатканы тууралуу маалымат тартты.

Ага ылайык, окуя 6-февраль күнү 13:30 чамасында айылдагы А.Кабаев орто мектебинин жанындагы спорт залдын ичинде болгон. Мушташ 9-класстын окуучуларнын ортосунда чыккан.

“9-класста окуган 6 бала өзү теңдүү баланы “чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгон. Окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Кийин жабырлануучунун апасы тосмо арыз менен кайрылып, бирок арызы канааттандырылыган эмес”, – деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Аксы районунун Жаңы-Жол айылында окуучу кыздардын массалык мушташы болгон.

https://www.facebook.com/ilim.karypbekov/videos/10157009145713016/
Количество просмотров: 57