• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Актөбөдө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы баланын сөөгү табылды

10 Кулжа 2024 9:18 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Актөбө шаарында дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Карим Жетырунун сөөгү 8-июнда Илек дарыясынан табылды. Бул тууралуу Актөбө облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, баланын сөөгү эртең менен саат 10го жакын табылган. Суучулдар аны болжол менен жээктен 15 метрдей алыс жерден алып чыгышты.

Дарыгерлер аутист диагнозун койгон 13 жаштагы Карим Жетыру 4-июнда чоң энесинин Илек дарыясынын жээгиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жакындарынын айтымында, ал сүйлөй алчу эмес, ошондой эле анда суудан, автоунаалардан же караңгыдан коркуу сезими жок болчу.

Каримдин үйдөн чыгып бара жатканы коңшу үйдөгү видеокамерага түшүп калган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес.

Баланы издөө иштерине 500дөн ашык киши, анын ичинде полиция кызматкерлери, жоокерлер, ыктыярчылар жана туугандары тартылган.

Актөбө шаардык полиция башкармалыгынын жетекчиси Асет Калиевдин айтымында, болжолдуу текшерүү учурунда баланын денесинен эч кандай тактар табылган эмес. Зомбулуктун белгиси бар-жоктугун атайын дайындалган экспертиза аныкташы керек.

Учурда баланын өлүмү фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, бир нече экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 269