• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Актөбөдө жолдо калган 55 өзбекстандык эвакуацияланды

15 Үчтүн айы 20249:09 Бишкек Govori.TV

13-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент унаа жолунда Ташкенттен Казанга бараткан жүргүнчү автобус бузулуп калган.  

Автобустагы 55 жүргүнчү Өзбекстандын жараны болгон. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жүргүнчүлөрдү Карабутак айылындагы мечитке эвакуациялады. Эч кимге медициналык жардам зарыл болгон жок.

Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байкоо жүргүзүүнү, аба ырайы начарлап, унаа кыймылына чектөөлөр киргизилгенде жолдо жүрбөөнү, ошондой эле транспорттун техникалык абалын көзөмөлдөөнү сунуштайт.

Количество просмотров: 99