• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкекте башаламан токтотулган унаалар эвакуацияланды

29 Жетинин айы 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында башаламан токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Борбор калаадагы жол тыгындарынын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтоп турушу болуп саналат. Буга байланыштуу төрт райондо тең массалык рейд жүргүзүлүп, ага Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн, райондук администрациялардын, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, «Бишкекасфальтсерсвис» жана «Бишкекбашкыархитектура» ишканаларанын өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышты.

Тактап айтканда, рейд Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульвары жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Киев, Абдрахманов көчөлөрүндө жана шаардын башка негизги жолдорунда жүргүзүлүүдө.

Эвакуацияланган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматын – 1250 сом, унаа токтотуучу жайдын кызматын – 100 сом, ошондой эле административдик айып пул – 1000 сом төлөшү керек.

Бул багыттагы иштер туруктуу негизде улантылат.

Количество просмотров: 152