• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Активист Адилет Балтабайдын соту жылды

11 Чын куран 2023 15:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку сотто жарандык активист Адилет Балтабайдын ишин каралды. Сот ишти кайра жандантып, кийинки отурум 19-апрелге белгиленди.

Адилет Балтабайдын иши Балтабай өткөн жылдын 30-июнунда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Активист өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген.

11-ноябрда сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда сот үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

2023-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, жарандык активистти беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган. Активисттин тарапташтары турушту. Алар Балтабайдын элдин тынчтыгын буза турган, башаламандык уюштура турган чакырыктарды жасабаганы лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аныкталганын, бирок ага карабай ал 5 жылга камалып кеткенин айтышты.

Количество просмотров: 122