• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Активист Адилет Балтабай сот залынан бошотулду

11 Жетинин айы 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Блогер жана жарандык активист Адилет Балтабайдын иши бүгүн, 11-ноябрда каралып, акыркы соттук отурум өттү.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 278-берененин («Жапырт башаламандык») негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.

Буга чейинки сот отурумунда айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүлөрүндө «мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар» экени айтылган. Мамлекеттик айыптоочу жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген болчу.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, 30-июнда камакка алынган.

Количество просмотров: 729