• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга абакка калтырды

17 Тогуздун айы 202415:07 Бишкек Govori.TV

17-октябрда Бишкек шаардык соту акын жана ырчы Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Аскат Жетиген сотто “элди массалык башаламандыкка чакырбаганын” айтып актоону өтүнгөн.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти басып алууга чакырык жасоо) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктарга чакыруу) боюнча актаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти басып алууга чакырык жасоо) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктарга чакыруу) менен козголгон.

Количество просмотров: 364