• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Активист Анар Аккозы кармалды

31 Бугу 2023 16:15 Бишкек Govori.TV

31-майда Алматы шаарынын полициясы «31-мамыр» комитетинин өкүлү, журналист Анар Аккозыны үйүнүн жанынан кармап кетти.

Бул күнү «31-Мамыр» комитетинин активисттери саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүнү пландашкан.

Аккозы өзү кармалган учурду видеого тартып алган. Анда анын полиция кызматкеринен: «Эмне болду?» деп сураганын угууга болот, бирок алар жооп бербей, аялды унаага отургузууга аракет кылышкан.

Укук коргоо кызматкерлери журналистти полиция бөлүмүнө алып барып, ага чакыруу кагазын беришкен. Андан кийин ал бошотулган.

Анар Аккозы полиция имаратынан чыккандан кийин «Азаттыктын» казак кызматына репрессия курмандыктарын эскерүү митинги пландалган Каргайлы аянтына бара жатканын билдирди. Ал ошондой эле полиция башка активисттерди да үйлөрүнүн алдынан токтотуп жатканын айтты.

Бул арада Каргайлы аянтындагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке жүзгө жакын адам чогулду. Алардын арасында каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын тарапкерлери да бар.

«31-Мамыр» комитетинин өкүлү Нурлан Амрекулов анын тарапташтарын полиция кармап кеткендиктен же тоскоолдук жаратып жаткандыктан жөө жүрүш токтотулганын билдирди.

Буга чейин «31-Мамыр» коомдук комитетинин өкүлдөрү митинг жана жөө жүрүш өткөрө тургандыктарын билдиришкен. 30-майда Алматынын прокуратурасы «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамды бузгандар административдик жазага тартылып, 25 суткага чейин камакка алынарын эскерткен.

Количество просмотров: 100