• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Активист Атай Бейшенбек: 2 айдан бери бир эле суроону берип жатышат

26 Бештин айы 2022 12:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасы карап, аны 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Активист Атай Бейшенбек Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөн жыйынга катышпаганын белгилеп жатат.

«Баягы эле жүйөлөр айтылып жатат. 2 айдан ашуун убакытта бир эле суроону берип жатышат. Бул иштин түпкүрүн баары түшүнүп жатат. Мен мүчө болбогон уюмга кошуп, мен барбаган жыйынга барды деп мени камап коюшту», — деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Количество просмотров: 151