• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Активист Нарматованын кармалышы боюнча бийликке сындар жаады

10 Аяк оона 202112:06 Бишкек Govori.TV

Активист Орозайым Нарматованы бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы билдирди.

Бул арада Ош облустук милициясы активист Орозайым Нарматованы кармоо боюнча эч кандай расмий документ жок экени айтты. Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бул иш катталган эмес.

Нарматованын кармалышы боюнча социалдык түйүндөрдө нааразы пикирлер жазылып, бийликке сындар айтылууда.

Количество просмотров: 575