• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулду

10 Аяк оона 2021 23:26 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова ИИМге күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алып келинген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Тиешелүү амалдар жүргүзүлүп, күбө катары суралды.

«Зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жыйынтыкталган соң Орозайым Нарматова коё берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ички иштер министрлиги Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 940