• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Сурактан чыккан активист Нарматова билдирүү жасады

11 Аяк оона 2021 0:00 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова ИИМге күбө катары сурак берип чыккандан кийин Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анын айтымында, эртең Москва шаарына учуп кетет.

«Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буюрса эртең менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы, тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум. Түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга! Кененирээк эртең айтам. Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сурайм»,-деп жазган ал.

Белгилей кетсек активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Нарматованын кармалышын бир катар саясатчылар менен активисттер сындады.

Ички иштер министрлиги Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 9516