• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Активист Саламаттык сактоо министрине каршы прокуратурага даттанды

16 Чын куран 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу активист Умай Арыкова билдирди.

Анын айтымында, арыз 16-апрелде Башкы прокуратурага онлайн түрүндө жазылды. Анда ал баш прокурор Курманкул Зулушевден министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.

Умай Арыкова министрдин аракетине «Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү» беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

«Буга чейин деле онлайн арыз жазып келгем. Алар мага жооп беришкен. Азыр да жооп бериши керек. Дүйшөмбүдө ушундай эле арызды УКМКга өз колум менен алып барып тапшырам. Анткени, министрдин жоругу — улуттук коопсуздукка коркунучтуу. Эл тундурманы ичип, жапырт ууланып, арты жаман менен аякташы мүмкүн. Буга бардык жарандар кайдыгер карабашы керек. Кырдаалды түшүнгөн, билими бар кишилер. Арызды көбүрөөк адам жазса жакшы болмок».

Активист министрдин аракетин сындап, анын иш билги адис экенинен күмөн санап жатат.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында «Уу коргошун» деген жазуу бар.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыкты.

Министр журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгиледи.

Кыргызстандын коомчулугунда бул аракетти сындагандар да, колдогондор да бар.

Количество просмотров: 152