• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Активист Токтонасыровго сот салган айыпты төлөө үчүн акция башталды

21 Кулжа 202410:34 Бишкек Govori.TV

Сот тарабынан 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген Өндүрүш Токтонасыровго жардам берүү үчүн акция башташты.

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду “Расалык, этностук, улуттук, диний, дин аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

“Өндүрүш байке 5 миң сом пенсиясына жашайт. Соттук процесстери болуп жатканда экинчи жолу инсульт алды, экинчи топтогу майып болуп эсептелет. Кан басымы көтөрүлүп, угуусу начар. Ал үчүн сот тарабынан салынган айып чоң жүк. Ал мындан ары адилетсиздик менен күрөшүүгө алы жок. Бирок соттун чечимин аткарбаса жоопкерчиликке тартылат. Андыктан, чогуу ага бул айып пулду жабууга жардам берели” , — дешет активисттер.

Өндүрүш Токтонасыровго жардам көрсөтүү боюнча реквизит:

МБАНК: +996 555081678.

Количество просмотров: 117