Митинге чыккан активисттер, жаны мэр Азиз Суракматов кыргыз тилин жакшы билбейт деген негиз менен сотко кайрылышты.
Арызда тил сынагынын жыйынтыгы мыйзамга жооп бербегени айтылат. Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши калаанын башчысы кылып, Азиз Суракматовду шайлады. Анын мэрлик кызматты аркалашына нааразы болгон тарап мэрия алдында митингге чыгышкан.
Талаптары аткарылбаганына нааразы болгон активисттер 1-май райондук сотуна арыз менен кайрылышты. Активисттердин арасында журналист Канышай Мамыркулова дагы бар. Демилгечи өз арызында тил комиссиясы өз ишин мыйзамга каршы аткарганын жазат. Мындан сырткары «Кыргыз тест» БШК жана Кыргыз өкмөтүн да арызга кошуп, сот жоопкер тараптарга укуктук баа бериши керектигин талап кылышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырган учурдагы видеосу коомчулука тарап, ал кызуу талкуу жараткан.
https://www.facebook.com/sultan.amanbekov.1/videos/2071082246487008/