Бүгүн, 10-январда кармалган активисттерди, блогерлерди жана саясатчыларды колдоо боюнча митинг учурунда кармалган жарандар кое берилди. Бул тууралуу жактоочу Чынара Джакупбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда кармалгандардын көпчүлүгү кое берилди, ал эми айрымдары айып токтому менен таанышып бүткөн соң кое берилет.
Ал эми ИИМдин маалымат кызматы окуя боюнча маалымат таратып, жалпысынан 27 адам кармалып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин жазган.
«Жагдай аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт»,-деп айтылат маалыматта.