2025-жылдын 31-мартына чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу узартылганын Биринчи май райсотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ар кандай акцияларды, митингдерди Максим Горький атындагы скверде гана өткөрүүгө болот.
Буга чейин мамлекеттик администрациялык имараттар (Жогорку Кеңеш, Панфилов паркы, Жогорку сот, УКМК, ИИМ ж.б.) жайгашкан жерлерде митинг өткөрүүгө 2024-жылдын 1-апрелинен 30-июнга чейин тыюу салынган.
Буга мамлекеттик жана муниципалдык массалык иш-чаралар өткөрүлчү «Ала-Тоо» аянты кирбейт.
Негизи Бишкектин борборунда ар кандай каршылык акцияларын өткөрүүгө 2022-жылдын мартынан бери тыюу салынган. Акыркы жолу 2024-жылдын мартында Бишкектин Биринчи май райондук муниципалдык мекемесинин арызы менен митингге тыюу салуу узартылган.