• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Акциянын катышуучулары күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан алуу талабын коюшту

26 Жетинин айы 201910:42 Бишкек Govori.TV

«Азаттык», «Клооп» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин коомчулук уу-дуу түшүп, өлкөдөгү коррупциянын гүлдөп өскөнү сыяктуу пикирлерин айтышууда.

Мындан улам бийликке кайрылуу кылышып «Ала-Тоо» аянтында өлкөдөгү коррупцияга каршы акция өткөрүп, бийликке сары айып кагазын көрсөтүштү.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда.

Акциянын аягында катышуучулар тарабынан беш талап коюлуп, алардын бири өлкөдөгү күч органдарынын башчыларынын кызматтан кетирүү талабы болду.

Количество просмотров: 26