• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акылдуу шаар «АКАсыз» калды. Инвестор келишимден чыгып кетти

14 Жалган куран 2018 13:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.03.2018. Govori.TV.
Өкмөт башчы Сапар Исаков сыймыктануу менен жарыя кылган «Акылдуу шаар» долбоору ара жолдо калуу коркунучунда туш болду. Себеби, долбоорду ишке ашырууга белбайлаган «АКА минералз энд майнинг» чыгып кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Азырынча, инвестор компания себебин ачыктай элек. Бул компанияны долбоорго 9 млн. Доллар салат деп кытайлык Huawei өзү тандаган болчу.
Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун кытайлык «Huawei Technologies»компаниясы кытайлык «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» жана «АКА минералз энд майнинг» компаниясы менен чогуу ишке ашырарын маалымдаган.

Азырынча  «АКА минералз энд майнинг» компаниясы расмий турдө баш тарта электиги айтылып жатат.

Өкмөтүн маалымат кызматы бул маалыматты тастыктай элек, бирок жокко чыгарган да жок.

 

Количество просмотров: 61