• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акыйкатчы кумсалардын укугун коргоорун айтты (видео)

8 Бирдин айы 2018 14:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2018. Govori.TV

«Кыргызстанда кумсалардын укугу корголушу керек». Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги адам укуктарына арналган жыйында КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин Конституциясы жана мыйзамдарында бул маселе камтылган. “Конститутцияда Кыргыз Республикасынын жарандары улутуна, карманган динине, саясий көз карашына, жынысына, рассасына карабай бирдей укукта. Ошондуктан, Акыйкатчы институтуна эгер кумсалар(ЛГТБ) тарабынан укуктары тебеленип жаткандыгы тууралуу расмий арыз түшсө, биз бул жааттагы бейөкмөт уюмдар менен бирге анализ жүргүзүп, укугун коргоо алабыз. Мисалы, “Таис Плюс” деген уюм бар, мына ушундай коомдук-жарандык уюмдар менен укук-милдеттерибизге жараша алардын укукгун коргоого тийишпиз”,-деди Акыйкатчы Кубат Оторбаев.

Количество просмотров: 11