• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Акыйкатчы абактагы Сооронкулова боюнча үн катты

24 Жалган куран 202317:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын ден соолугуна көңүл буруп, зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкуловадан кабар алышты. Анда Сооронкулова ден соолугуна байланыштуу арызданган.

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова тиешелүү мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын абалына көңүл бурууга жана зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Эске салсак,  Клара Сооронкуловага операция жасалгандан кийин, дарыгердин тыюу салганына карабай 14-март күнү кайрадан Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган.

Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Айрымдары ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 79