• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Акыйкатчы АКШ элчиси менен өлкөдөгү адам укугунун абалын талкуулады

11 Баш оона 2023 12:34 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери өлкөдөгү адам укугунун корголушун талкуулады.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 11-августта кабарлады.

Жаманбаева Кыргызстанда жарандык коом, демократия жана адам укуктары боюнча негизги баалуулуктарды жайылтууда АКШ элчилигинин, Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) салымын белгиледи.

USAID менен кызматташуунун алкагында адам укуктары жана эркиндиги боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылганын, алардын катарында “Жигердүү жарандар”, “Укук булагы” демилгелери бар экенин айтты.

АКШ элчиси Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердигинде эркиндиктин сакталышы маанилүү экенин белгиледи.

“Жарандардын укугун коргоодо жарандык коомдун ролу чоң. Ошол себептүү жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ишмердигинин эркиндигин камсыздоо маанилүү”, — деди Вигери.

Тараптар адам укугуна байланыштуу биргелешкен долбоорлорду жандандырууну, бул жааттагы көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн чараларды талкуулашты.

Количество просмотров: 108