• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акыйкатчы институту: УКМК Сатыбалдиевдин ден соолугу текшерүүдөн өтөөрүн билдирди

29 Баш оона 2018 18:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Сатыбалдиев буга чейин да учурашып чыккан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жүрөгүн текшерүү керек экенин айткан. Анын айтымында, 2013-жылы жүрөгүнө байланыштуу операция жасалып, дарыгерлер ден соолугун маал-маалы менен текшертип турууну сунуш кылышкан. Сатыбалдиев түнкүсүн уктай албай жатканын да билдирген.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Сатыбалдиевдин ден соолугу боюнча УКМКга расмий кат жөнөтүп, атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда атайын кызматтын өкүлдөрү жакында мурдагы өкмөт башчынын жүрөгү толук текшерүүдөн өтөөрүн билдирген.
Количество просмотров: 36