Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппаратынын экинчи кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирус Акыйкатчы институтунун бир бөлүмүнүн инспекторунан табылган. Учурда ал кызматкер обочолонгон.
Эске салсак, кечээ, 23-июнда Акыйкатчынын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталганы кабарланган болчу.