• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Акыйкатчы: Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборун Омбудсмен институту менен бириктирүү болбойт

28 Кулжа 202211:57 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова «Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборун Омбудсмен институту менен бириктирүү болбойт»,-деген пикирин билдирди.


Анын белгилешинче, акыйкатчы болуп шайланып жатканда да бул позицияны айткан.


«Эки Улуттук адам укугун коргоочу мекемени чабыштырып, салыштырып, атаандаштыргандар да туура эмес кылат. Макам башка, Акыйкатчы менен тыгыз так кызматташуу механизмдерин тактап жатам, Мекенибизде кыйноолор, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган иш аракеттер, абакта же камакта өлүмдөр болбош керек»,-дейт Абдырахматова.

Количество просмотров: 133