• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акыйкатчы: УКМКда иштегениме сыймыктанам

20 Аяк оона 2019 14:21 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн 20-сентябрда маалымат жыйын учурунда буга чейин укук коргоо органдарында эмгектенген адам укук коргоочу болуп иштеши карама- каршы болуп калбайбы деген пикирлерге жооп берди.

Анын айтымында, башка мамлекеттердин акыйкатчылары деле мурун юрист, сот, укук коргоо органдарында иштеген адамдар.

Мен Улуттук коопсуздук кызматында иштегеним менен сыймыктанам. Бүгүн ал тажрыйбамды адам эркиндигин, укугун коргоого жумшайм»,-деди Т.Мамытов.

Количество просмотров: 31