• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Президент Жапаров базар кыдырды.  Токон Мамытов суракка чакыртылды

8 Бирдин айы 2022 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС  БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 8-февралга карата коронавирус 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 308 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 995 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 617 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 909 адам каза болду.

САДЫР ЖАПАРОВ БАЗАР КЫДЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ош базарын кыдырып жүрөт. Жапаров көзөмөл кассалык аппараттар (ККМ) жана базардын абалы боюнча барганы айтылууда. Соодагерлер президентке базардагы орун, санитардык күн сыяктуу маселелер менен кайрылып жатышат. Жапаровдун жанында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев да жүрөт.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү ири базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Ар кандай маалыматтар боюнча Бишкектеги ири базарларда эки миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылат.

МАМЫТОВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Токон Мамытов Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Мамытов учурда суракта. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протоколго байланыштуу суракка күбө катары чакырылган.

Эске салсак, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган. 

Количество просмотров: 509