• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Аларды өлүп калды го дегем». Мамытов ажолорду жандап жүргөн политологдор тууралуу

10 Кулжа 2022 12:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Токон Мамытов Говори.ТВнын «Майдан» дебатында өлкөнүн ажолоруна кеңеш берип, жол көрсөткөн эксперттер тууралуу пикирин айтып, президенттер алмашкан менен ага жардам берген политологдор алмашпаганын сынга алды.

Анын айтымында, бир эле эксперт биринчи президентке кандай кеңеш берип, жол көрсөтсө азыркы ажого да колдоо кылып жанында жандап жүрөт.

«Буга чейин бир президентке кат келип, ал кат менин колума түшүп калды. Анан аны бир жерден окудум эле деп издеп, таптым. Тээ биринчи президентке кеңеш берген «политолог же эксперт» деп коет аларды, билими деле жок, илимдин кандидаты же доктору деле эмес, ошолор жазып, баягы Акаев дегенди өчүрүп Атамбаев, Отунбаева деп оңдоп туруп анан аягына датасын жаңылап скоет экен. Мына ошолор бүт президенттердин баарын талкалады. Ушул сыңары «калпычы политологдор» политология илимин да талкалады, президенттерди да аңга тыкты. Мына бүгүн да жүрөт беш-алтоо, өлдү го деп ойлогом, жок жүрөт… Жакында эле жолуктуп, «эмне жүрөсүң?» десем, «азыркы бийликке жардам берип жатабыз» дейт», — деди Мамытов.

Количество просмотров: 6886