• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акыйкатчылык абактагы Шаменовдун абалынан кабар алды

28 Бирдин айы 2023 12:16 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отурган активист Ильгиз Шаменовдун саламаттыгынын абалы менен өлкөнүн Акыйкатчылыгы таанышып келди. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, камактагы активисттерди ден соолугу абдан начарлаганга чейин камоо, жалпы жарандык мед. мекемеге же жеке бейтапканага жаткырылгандарына каршылык көрсөтүү — бул адамгерчиликсиз мамиле, кыйноого барабар.

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы-Омбудсмени юристерибиз кечээ барып Илгиз менен жолугуп, тергөө изоляторунун кызматкерлеринин, дарыгерлеринин пикирин угуп, тиешелүү кагаздарын изилдеди. Камактагы адам талап кылган медициналык кароого укугун чектөө — негизсиз», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Количество просмотров: 123