• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Акыйкатчылык Жекшеналиевден кабар алды

15 Баш оона 2022 16:41 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунун (Омбудсмен) кызматкерлери камалган “Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Омбудсмен кызматкерлерине Жекшеналиев милицияда кыйноо же орой мамиле болбогонун билдирген. Ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирген. Учурда анын жактоочусу иш-материалдары менен таанышып жатат.

«Жекшеналиев Ырыс өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирет. Бүгүн же эртең баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сот отуруму болот. Акыйкатчы аппаратынын юристтери адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүү максатында аны камакка алган жагдайларды иликтеп жатышат»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман баш аламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козгогон.

Количество просмотров: 124