• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Акыйкатчылыкка талапкерлер, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын реформалоодогу көйгөйлөр тууралуу айтты

26 Аяк оона 2018 15:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Бүгүн, 26-сентябрда «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Руслан Казакбаев акыйкатчы кызматына талапкерлерден Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) реформалоодо кандай көйгөйлөр бар экенин сурады.
«ЖАМКны реформалоодо кандай көйгөйлөр бар? Кандай сунуштарды бере аласыздар?», – деген суроосуна талапкерлер төмөндөгүдөй жооп беришти.
Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов: «Эң биринчи, албетте, ЖАМК системинин түзүмүн өзгөртүү керек. Тиешелүү каражаттарды бөлүп бериш керек. Каражат жетпегендиктен көйгөйлөр болуп жатат. Кадр маселесин караш керек. ЖАМКда ИИМ, Коргоо министрлигинде иштеп, жашы пенсияга чыгууга жакындап калгандар иштейт экен. Ошондой эле бул тармак прокуратура, жарандык коом тарабынан көзөмөлдөнүп турушу керек», — дейт.
Акыйкатчы кызматына талапкер Рита Карасартова: «Анча-мынча, орто кылмыш жасагандарды камабай, айып пулга жыгуу системин киргизүүнү карап көрүү зарыл. Камаганга барбай, айып пул салсак жакшы болмок», — деген пикирин айтты.
Акыйкатчы кызматына талапкер Рыскул Бактыбаев бул көйгөйлүү маселе экенин айтты. «ЖАМКнын режимдерин карап чыгуу керек. Жатак абагын жоюу зарыл», — деди.
Аталган кызматка талапкер Канатбек Азиз: «Укук коргоо кызматкерлери камакка алынса өзүнчө отургузулат. Депутат, министрлер болсо башкалар менен чогуу отуруп жатат. Алар дагы өзүнчө отургузулушу керек», — дейт.
Учурда парламентте акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат.
Количество просмотров: 22