• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Акыйкатчынын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус табылды

23 Кулжа 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчынын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, бейтап обочолонгон.

«Аппараттын жумушу уланып жатат. Гигиеналык жана коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

«Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө» мыйзамга ылайык, Акыйкатчы инстутуту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда деле ишти токтотпойт.

Омбудсменге арыз-муң менен кайрылчу кишилер 115 ыкчам номуруна байланышса болот.

Количество просмотров: 67