• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акыйкатчынын кызматкерлери абакта ачкачылык жарыялаган Молдокматовдон кабар алышты

29 Теке 2021 16:12 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери абакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматовдон кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлдан баштап ачкачылык жарыялаган оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовдун абалы канаттандырарлык. Молдокматов денсоолугу күн сайын начарлап жатканын айткан. Ошондой эле, анын суранычы боюнча дарыгердин текшерүүсүнөн өткөн. Кароонун жыйынтыгы боюнча, дарыгер зарыл болгон медициналык текшерүүлөрдү жана туруктуу медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусун айткан.

«Жеңиш Молдокматов азыркы күнгө чейин 80 томдон турган кылмыш ишинин 17 тому менен таанышып чыкканын айтты. Ошол эле учурда ал №1 СИЗОго которулуу ага иштин материалдары менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга көмөктөшүүнү суранды»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Молдокматов ачкачылык жарыялоонун себеби өзүнүн баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышпаган түрүнө өзгөртүү каалоосу эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле кылуу талабы деп түшүндүрдү.

Эске салсак, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Молдокматовго өткөн жылдын октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында башаламандык уюштурган” деген кине коюлган. Биринчи май райондук соту Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 220