• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акыйткачы кош бойлуу журналисттин кармалышы боюнча үн катты

4 Жетинин айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

«Акыйкатчы институту кош бойлуу журналист айымдын камалганы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдиргендей, кош бойлуу журналист абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип дарыгерлер «боюнан түшуп калуу коркунучу бар» деген корутунду чыгарган.

Абдирасулова ошондой эле Санрабия менен кошо оператор Калыс Аширбеков дагы камалганын кошумчалады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист менен оператордун камалганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 370