• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Акылбек Талантбеков эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди

25 Бирдин айы 202310:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күмүш медаль утту.

Акылбек Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта күчүн сынап, финалда грузиялык Гела Болквадзеге утулуп, күмүш медалга татыды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

Количество просмотров: 178